Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

HRW Болгария бийлигин саудиялык укук коргоочуну депортациялабоого чакырды


Абдулрахман ал-Халиди.
Абдулрахман ал-Халиди.

Human Righs Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Болгария бийлигин укук коргоочу Абдулрахман ал-Халидини мекени Сауд Арабиясына депортациялоо боюнча жасап жаткан аракетин «тез арада токтотууга» чакырды.

Уюмдун 7-марттагы билдирүүсүндө эгер Халиди өз өлкөсүнө жөнөтүлө турган болсо «мыйзамсыз кармоо, кыйноо жана адилетсиз сот» коркунучуна кабыларын белгиленди.

Саудиялик абактагы жарандардын укугун коргоо менен алектинип келе жаткан Халиди өлкөсүнөн 2013-жылы чыгып кеткен. 2021-жылы ал Болгария өкмөтүнөн башпаанек сураган.

Жакында болгар бийлиги аны мекенине депорациялоо тууралуу чечимин жарыялаган.

«Халидинин депортацияланышы Болгариянын эл аралык милдеттенмелеринин, анын арасында Кыйноолорго каршы конвенциянын талаптарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн», - деп белгиледи HRW. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG