Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

ЮНИСЕФ: 230 млн кыз-келин жыныс органына мажбурлап операция жасоого кабылган


Индонезиядагы мындай операцияга кабылган кыз
Индонезиядагы мындай операцияга кабылган кыз

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнөдө кыз-келиндердин жыныс органына мажбурлап операция жасоо тууралуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Жер шарында 230 миллиондой аял ден соолукка кооптуу процедурага кабылган. Мындай жосун көбүнесе Азия жана Африка элдеринин маданиятында кездешет.

Бул боюнча аталган уюмдун мурдагы баяндамасы 2016-жылы жарыяланган. Соңку сегиз жылда мындай жосундун курмандыгы болгон кыз-келиндердин саны 30 миллионго өскөн.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел AP маалымат агенттигине бул көйгөй менен күрөшүү жай жүрүп жатканын айтып, акыркы жылдары кыздага эрте жашынан, беш жашка чыга элегинде эле мындай процедура жасалган учурлар болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Агенттик бул жосундун географиясы кулач жайбаганы менен мурдатан болуп келген аймактарда курмандыктардын саны өскөнү байкалганын жазды.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бул боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү мекемелерден маалымат сураган. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда бул процедурага тыюу салынганын билдирген. Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө мындай көйгөй жоктугун айткан. Адистер мурда кийин так аныкталган учурлар да жоктугун билдиришкен.

Клиторидэктомия - клиторду алып таштоо Африка жана Азия өлкөлөрүндө кездешет. Алар муну "кызды жаман жолдон, бузулуп кетүүдөн сактоо" аракети катары түшүндүрөт. Медиктер мунун кесепети оор экенин айтып, кээде өлүмгө, тукумсуздукка жеткире турганын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG