Кыргызгидромет кызматы 11-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6°.
Бишкек шаарында түндө жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 2…4°, күндүз 14…16°.
Facebook шеринеси