Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ошто маңзат сатууга шек саналып, тогуз жыл издөөдө жүргөн адам кармалды


Маңзат сатууга шектүү. ИИМ тараткан сүрөт. 11-март, 2024-жыл.
Маңзат сатууга шектүү. ИИМ тараткан сүрөт. 11-март, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын Оштогу башкармалыгынын кызматкерлери Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын мурунку кызматкери, оставкадагы полковник Р. Х. аттуу адамды кармашты.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 61 жаштагы шектүү 2015-жылдан бери маңзат сатууга шек саналып, эл аралык издөөдө жүргөн.

Ал соттун токтому менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камалды.

Шектүү тараптын жакындары, адвокаттар комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) чет өлкөдөн ташып келинген маңзатты Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөгө өткөрүүнү жана сатууну уюштурууга шек саналып, 20-февралда ИИМдин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери жана анын шериги кармалганын билдирген.

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фонду Тажикстан аркылуу ооган баңгизатын ташууга чөлкөмдөгү күч органдарынын кызматкерлери аралашкан учурлар бар экенин маалымдаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG