Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Бир дүйнө Кыргызстан" каржы уюмдарына кат тапшырды


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы эл аралык каржы уюмдарынан "Чет элдик өкүл" мыйзам долбооруна тынчсыздандыруу билдирүүнү өтүндү.

Аталган кыймылдын өкүлдөрү 11-мартта Бишкекте Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктын адистерине кат тапшырышты.

Укук коргоо кыймылынан кабарлашкандай, Жогорку Кеңештин депутаттары 13-марттан 10-апрелге чейин бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашы мүмкүн.

Мурдараак маалымдалгандай, 15 уюмдан турган топ, анын ичинде “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы төрт эл аралык каржы институтуна “Чет элдик өкүл” мыйзам долбооруна олуттуу тынчсыздануусун билдирип кат жолдогон.

Катта уюмдар каржы институттарын конкреттүү чараларды көрүүгө чакырып, Кыргызстандын бийлигин аталган мыйзам долбоорун артка чакырууга үндөшкөн.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун” айтып келет. Парламент аны 22-февралда экинчи окууда колдогон.

“Адилет” укуктук клиникасы документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар мындай мыйзам бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасирин тийгизерин белгилеп келишет.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG