Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Жогорку Соттун төрагасы Кемпир-Абад иши боюнча сынга жооп берди


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Кабар" улуттук маалымат агентигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча соттун узарып жатат деген сындарга жооп берди.

Базарбеков соттук териштирүүлөрдүн созулуп кетишине камактагылардын өздөрү күнөөлөдү.

“Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алды. Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөн соң ал карала баштады. Бирок, бир күнү камактагы бирөөсүнүн адвокаты келбей калат, башка күнү камактагылардын бири ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коет, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат”, - деди ал.

Базарбековдун маалыматында, айыпкер жана жактоочулардын өтүнүчү менен сотту кароо жыйырма жолу жылдырылган. Ал соттук териштирүү сезгиз айга созулганын айтып, “өздөрү создуктуруп жатканы биз үчүн да түшүнүксүз” деди. Камактагылар коюлган айыптар оор болгондуктан үй камагына чыгарылбаганын, саламаттыгына байланыштуу бошотулгандар бар экенин айтты. Базарбеков камактагыларды бошотуу талабы менен чыккан акцияларды сотторго карата басым катары баалады.

Азырынча камалгандар же алардын жактоочулар бул айтылгандарга комментарий бере элек.

9-мартта абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына Аксыдагы акциянын видеолору жарыяланган. Ага катышкандар Кемпир-Абад иши менен камалган саясатчыларды, активисттерди бошотууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен Нарын, Таласта да митинг өткөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Алардын 11и тергөө абагында, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Камалгандар аны куру доомат деп аташат. Сот уланып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG