Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Вильнюста Навальныйдын шакирти Волковго кол салуу болду


Леонид Волков.
Леонид Волков.

12-марттын кечинде Литванын борбору Вильнюс шаарында абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын шакирти Леонид Волковго кол салуу болду. Бул тууралуу The Insider басылмасы бир топ жыл маркум саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы болуп иштеген Кира Ярмышка шилтеме берип жазды.

Кира Ярмыштын сөзү боюнча, белгисиз адамдар Леонид Волковдун автоунаасынын терезесин талкалап көздөн жаз агыза турган газ чачып, балка менен чапкан. Ал жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.

Кол салуу Леонид Волковдун Литванын башкалаасынын чет жагындагы үйүнүн жанында болгон. Вильнюстун полициясы Орусиянын жаранына кол салуу болгонун ырастап, бирок анын аты-жөнүн ачыктаган жок.

2022-жылы Алексей Навальныйдын шакирттери - Леонид Волков, Владимир Ашурков, Мария Певчих баштаган адамдар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Anti-Corruption Foundation International деген фонд түзгөн.

47 жаштагы Алексей Навальный абакта каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Саясатчынын сөөгү 1-мартта жерге берилген.

Ал 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Алексей Навальный 2022-жылы күзүндө ууландырылып, Германиядан дарыланган. 2021-жылдын башында Орусияга кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун катары тааныган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG