Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

Президент Садыр Жапаров талаштуу ЖМК долбоорун артка кайтарды


Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.
Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 13-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору болду. Жолугушуунун жыйынтыгында, президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ - арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG