Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Путин Орусия аскердик жактан алганда өзөктүк согушка даяр экенин айтты


Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын аскердик-техникалык жактан ядролук согушка даярдыгы бар, бирок Украина менен согушта аны колдонуу ниети болгон эмес. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 12-мартта РИА "Новости" агенттигинин башчысы Дмитрий Киселёвго курган маегинде билдирди .

Киселёв ядролук согушка даярданууга түздөн-түз үндөп жүргөн орусиялык ашынган консервативдүү философ Александр Дугинди мисал келтирип суроо берди. Путин Дугиндин айткандарына комментарий берген жок, бирок орус армиясы мындай согушка даяр экенин, мамлекеттин өзөктүк күчтөрү жогорку даярдык абалда турганын билдирди жана Орусиянын ядролук куралдануусу АКШныкынан кыйла заманбап экенин кошумчалады.

Бирок бул жолу Путин ядролук куралды биринчи баштап колдонуу ыктымалдыгы тууралуу айткан жок, андайга эгер ядролук согушту АКШ баштай турган болсо даяр экенин билдирди. Ал ядролук сыноолорду АКШ жүргүзбөсө, Орусия да өткөрбөй турганын айтты.

Киселёв 2022-жылдын күзүндө орус армиясы фронтто бир катар көйгөйгө туш болгон учурда Украинага каршы тактикалык ядролук куралды колдонуу планы болгонбу деп сурады. Путин "Мындай зарылчылык эч качан болгон эмес" деп жооп берип, фронтто маселе жаралбаганын, Херсондон орус аскерлери өзүлөрү чыгып кетишкенин айтты.

Путин Орусия Украинадагы согушту токтотуу тууралуу «сүйлөшүүлөргө даяр» экенин бул жолу да айтты, бирок, анын белгилешинче, фронттогу абал эске алынып, Орусиянын коопсуздугунун кепилдиги каралашы зарыл.

«Азыр алардын огу түгөнүп жатканы үчүн эле сүйлөшүү жүргүзүү биз тараптан болбогон нерсе болуп калат» деди ал.

Украинадагы согуш тууралуу Путин түзмө-түз эч нерсе айткан жок, бирок Киселёвдун "Одесса – орус шаары" жана "бул багытта чоң үмүт бар" деген сөзүнө "Албетте" деп жооп берди.

НАТОнун куралдуу күчтөрүн Украинага орнотуу тууралуу суроого орус президенти мындай чара согуш талаасындагы абалды эч өзгөртө албай турганын айтты.

Бул маек Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай жарыяланды. Путин андагы негизги талапкер болуп, бешинчи президенттик мөөнөткө аттанууда. Талапкерлер арасында бийликтин саясатын, согушту сындаган бир да адам жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG