Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли
Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт. 16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды. Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан. Санкт-Петербургда шайлоо участкасында Молотов коктейлин ыргытышкан. Воронежде бюллетень салган урнага зеленка чачылган. "Голос" кыймылы участоктордогу көптөгөн мыйзам бузууларды байкашкан. Кемеров облусунда шайлоочуларга арак, Челябинскиде анализ тапшырууну сунуш кылышкан.
Чыгарылыштар
-
Июль 07, 2026Чек ара: «Кадамжай» жана «Чечмедеги» атайын операция
-
Июль 07, 2026“Уулум төрөлгөндө күйөөң согушта өлдү дешти”
-
Июль 05, 2026Булак таануу: "Бурмаланган тарых көп жазылууда"
-
Июль 04, 2026Дүйнөнү каптаган аптап Кыргызстанды да кыйнайбы?