Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Президент Жапаров Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бийлик Аксы окуясын унутпай, элдин бакубат турмушун камсыз кылууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 17-мартта Аксы окуясынын 22 жылдыгына карата кайрылуусунда айтылат.

Жапаров бул окуяны “авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген” деп мүнөздөп, анда каза болгондор элдин эсинде каларын белгилеген.

“Аксы окуясынын каармандары тарыхый бурулуш катары чоң сабак калтырышты. Бул трагедиядан азыркы жана келечектеги муундарыбыз сабак алып, бакубат жашоого умтулушат деген терең ишеничтебиз. Биз Аксы окуясын жадыбыздан чыгарбай, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн жан үрөп иштөөдөбүз. Төрт тарабы шай келген, кен байлыктарга бай келген, жаратылышы кооз, суусу мол өлкөбүздү өнүктүрүүгө, кылымдарды карытып келаткан ары нарктуу, ары салттуу кыргыз элинин бакубат турмушун камсыз кылууга бар аракетибизди жумшап жатабыз. Бир катар тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде орун алган көйгөйлөр четинен чечилүүдө. Албетте, мунун баары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдиктүү журтубуздун колдоосу астында ишке ашууда", - деп жазылган кайрылууда.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотууну жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөөнү талап кылып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG