Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигине байланышы жок экенин айтты


24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси.
24.kg маалымат агенттигинин эн белгиси.

Журналист Гүлжан Шерипбаева 24.kg маалымат агенттигине байланышы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 18-мартта “Азаттыкка” берген комментарийинде айтты. Анын сөзүнө караганда, сөз болуп жаткан медиа кайра башка адамдын атына катталды. Бирок анын аты-жөнүн ачык айткан жок.

“24.kg азыр менин атымда эмес. Мага эч кандай тиешеси жок. Редакциянын ички саясатын да билбейм. Жакында башка киши ээси болгонун билип каласыңар”, - деди ал.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 24.kg агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору Гүлжан Шерипбаева деп көрсөтүлгөн. Азыр да ошол бойдон турат.

24.kg сайтынын мурдагы ээси Асел Оторбаева комментарий бере элек. Оsoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана директору болуп келаткан.

Сайттын мурдагы редактору Махинур Ниязова агенттиктин айланасындагы акыркы окуялар тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, кызматтан кеткенин жана жетекчи эмне себептен алмашканы боюнча кенен маалыматы жок экенин билдирди.

15-январда УКМКнын кызматкерлери медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин ошол кездеги директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Nazarnews сайтынын ээси жана журналист Гүлжан Шерипбаева былтыр ноябрь айында кармалып, кайра үй камагына чыккан. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып койгон.

Гүлжан Шерипбаева ага чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт, мындан сырткары, кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG