Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Аскат Жетиген: Айткандарымды кылмыш деп эсептебейм


Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.
Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин бөгөт чарасын кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Ал журналисттерге өзүнө карата козголгон кылмыш иши жөнүндө комментарий берди.

«Мен муну кылмыш деп эсептебейм. Анткени буга чейин сылык-сыпаа иш алып барганга аракет кылып келгем. Менин бийликтегилерге айткан ачуу сөздөрүмдүн баары айла кеткендеги иш», - деди Аскат Жетиген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-мартта Аскат Жетигенди кармап, 48 саатка камакка алганын анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирген.

Жактоочунун айтымында, атайын кызмат ырчыны Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген.

Венера Буудайбекова түшүндүргөндөй, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Ырчы-обончу айрыкча “Зарыкканда” деп аталган ыры менен белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. Акыркы ирет 2024-жылдын 15-мартында кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган. (AiB/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG