Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Молдова Приднестровьедеги дрон чабуулун чагым деп атады


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Молдованын бийлиги бул өлкөдөгү өзүн Приднестровье жумурияты деп атап алган орусиячыл жикчил аймактагы дрон чабуулуна тиешеси жоктугун билдирди. Президент Майя Санду 18-марттагы пресс-конференцияда Приднестровьедеги аскердик аэродромдо турган тик учакка сокку урулушун чагым деп атады жана өкмөттүн бул соккуга Украинанын тиешеси жоктугу тууралуу позициясын колдой турганын айтты.

"Биздин маалыматка караганда, бул – эл арасында чыңалуу жана коркунуч маанайын жаратуу максатында жасалган чагым», - деди Санду.

Тираспол шаарынын чет жакасындагы аэродромдо аскердик чакан тик учак өрттөнүп жаткан видео Интернетте тараган.

17-марттагы бул окуя үчүн орусиячыл маалымат каражаттары Молдованын бийлигин айыпташкан.

Окуя Приднестровьеде Орусиянын президентин шайлоо үчүн ачылган алты бекетте добуш берүү журүп жаткан учурда болгон.

Расмий Кишинев бул бекеттердин ачылышы мыйзамсыз болорун, Молдовадагы орусиялык жарандар борбор калаада ачылган бир бекетте добуш берсе гана болорун эскерткен.

Кишиневдогу добуш берүү учурунда Орусиянын консулдугуна өрт коюу аракети жасалган, бул үчүн бир киши кармалган. Окуянын күбөлөрү "Мен Орусияны жек көрөм" деп кыйкырган бирөө консулдукту көздөй бир нерсе ыргытканын айтышкан.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.

Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон.

Орусияда 17-мартта президенттик шайлоо өттү, анда эң көп добушту азыркы жетекчи Владимир Путин алды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG