Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

УКМК Аскат Жетигенге дагы бир эпизод менен кылмыш ишин козгоду


Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.
Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирди. Адвокат ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жайынтыгы чыкканын, ошонун негизинде айып коюлганын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аскат Жетигендин бөгөт чарасы каралары күтүлүп жатат. Ырчы 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган.

УКМК 16-мартта Аскат Жетигенди Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. 48 саатка камакка алган.

18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Венера Буудайбекова буга чейин, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат комузчунун иштери боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры менен эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG