Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Ошто депутаттар мэрдин сессияга келбегенине нааразылык билдирүүдө


Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

Ош шаардык кеңешинин 20-мартта өткөн сессиясына мэр Бакытбек Жетигеновдун катышпаганы депутаттардын нааразылыгын жаратты. Отурумдун күн тартибине мэрдин 2023-жылдаг отчету жөнүндө маселе да кирген.

"Ош шаарынын мэри ушуну менен үч сессияга катышкан жок. Бул анын буга чейинки ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин депутаттарга таарынычы болушу мүмкүн. Мэрдин таарынып же төрага менен пикир келишпестигинен улам сессияга келбей койгону бул туура эмес. Депутаттардын мэрге бере турган суроолору бар", - деди депутаттардын бири Айбек Таалайбек уулу.

Бакыт Жетигенов шаар кеңешиндеги нааразылык тууралуу комментарий бере элек.

Аймактык-административдик реформадан кийин 117 депутат кирген Ош шаардык кеңеши 20-мартта жыл башынан берки экинчи отурумуна чогулган. Отурумга 91 депутат катышты.

Өткөн жылдын ноябрь айында Ош шаардык кеңешинин депутаттары токтомдордун дээрлик аткарылбаганын айттып, мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдогон. Ош шаарынын мэри депутаттардын жеке таарынычы бар экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчтү четке каккан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене менен кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG