Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

БУУнун палестиналык качкындар боюнча өкүлү Газага кире албай жатканын айтты


Филипп Лаззарини.
Филипп Лаззарини.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA) башчысы Газа секторуна киргизбей жатат деп Израилди айыптады. 19-мартта Иерусалимде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Филипп Лаззарини Израилдин Коргоо министрлигинин аймактардагы өкмөттүк көзөмөл мекемеси (COGAT) Газага барган делегациянын арасынан жалгыз ага уруксат бербей койгонун айтты.

«Бул мекеменин кызматкери мен кайсы бир кагазды туура толтурбай калганымды айтып жатты. Мен баштап барган делегациянын баарына уруксат берилди, кире албай калган жалгыз мен – башкы комиссар болдум», - деди ал.

Израил Газадагы бул эң ири гуманитардык уюмду ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) "калкалап жатат жана анын кеминде 12 кызматкери 7-октябрдагы кол салууга катышкан" деп бир нече жолу айыптаган. Бул айыптоонун айынан уюмга акча бөлгөн мамлекеттер каржылоосун чектеп, жүздөгөн миллион доллар тийбей калган. Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG