Бейшембиге караган түнү Киевде Орусиянын ракеталык чабуулунан 10 киши жараат алды. Алардын экөө ооруканага жаткырылганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Атып түшүрүлгөн ракета сыныктары калаанын бир катар аймактарында турак жайларга, ишканаларга, бала бакчага жана автоунааларга кулады.
Подольск облусунда көмөкчордондон өрт чыгып, бир үйдүн чатыры күйүп кетти. Киевдин Шевченко районунда өрт чалган көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко 20-март күнү кечинде баш калаага бир эле учурда ар кайсы багыттан атылган 30га жакын канаттуу ракеталар атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматта Орусиянын ракеталык чабуулу үч саатка созулганы айтылат.
Украинанын бардык аймагында аба чабуулу тууралуу айгай салынды. Мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Мурманск облусундагы авиабазадан кеминде тогуз Ту-95МС бомбалоочу учагы учканын кабарлаган.
Шаршемби күнү Орусиянын Харьковго ракеталык чабуулунан беш киши набыт болгон. Снаряддар басмакананы жана эмерек чыгаруучу цехти талкалаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык соккулар тууралуу комментарий бере элек. (SE)