Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Путин жыйырма чакты өлкөдө атаандаштарына караганда аз добуш алганы белгилүү болду


Сербиянын борбору Белград. Орусиянын президентин шайлоо. Добушканага кезек күткөндөр. 2024-жылдын 17-марты.
Сербиянын борбору Белград. Орусиянын президентин шайлоо. Добушканага кезек күткөндөр. 2024-жылдын 17-марты.

Орусияда бешинчи жолу президенттикке шайланган Владимир Путин чет жактагы кеминде 18 өлкөдө башка атаандаштарына караганда азыраак добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-мартта шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Анда айтылгандай, чет мамлекеттерде жашаган орусиялык шайлоочулардын 72 проценти добушун Владимир Путинге берди. Экинчи орунга 16,5 процент менен «Новые люди» партиясынан талапкер Владислав Даванков чыкты. КПРФтен Николай Харитонов эки проценттен бир аз көбүрөөк, ал эми ЛДПРдин өкүлү Леонид Слуцкий эки процентке жетпеген добуш алышты.

Даванков добуштардын саны жагынан Путинден Европанын 15 өлкөсүндө жана Парагвайда, Аргентинада, Израилде алдыга чыкты.

Жалпысынан бул жолку президенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жашаган орусиялыктардын 400 миңи катышып, добуш берди.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март күндөрү өттү, азыркы президент Владимир Путин добуштардын 87,28% алды жана мамлекетти дагы алты жыл башкаруу укугун алды.

Ага атаандаш болгон үч талапкердин бири да добуштардын 5% ала алган жок. КПРФтен Николай Харитонов 4,31%, «Новые люди» партиясынан Владислав Даванков 3,85% жана ЛДПРден Леонид Слуцкий 3,2% добуш алды.

Добуш берүүгө каттоодон өткөн шайлоочулардын 77,44% катышты. БШК төрайымы Элла Памфилова президенттик өнөктүктөр арасынан бул жолу шайлоочулардын катышуусу рекорддук деңгээлде болгонун айтты.

Шайлоочулардын укугун коргоочулардын "Голос" кыймылы Путиндин реалдуу оппоненттеринин бири да катышпагандыктан бул жараянды “имитация” деп атаса болорун белгиледи.

Батыш өлкөлөрү шайлоону «эркин эмес жана калыс эмес» деп аташты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG