Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Рахмондун Батыш сапарын утурлай оппозицияга кысым күчөдү


Берлин. Октябрь, 2023-жыл. Оппозициячыл активисттер Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы чогулуп, ураан чакырып, анын автоунаасына жумуртка ыргытышкан.
Берлин. Октябрь, 2023-жыл. Оппозициячыл активисттер Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы чогулуп, ураан чакырып, анын автоунаасына жумуртка ыргытышкан.

Европадагы тажик оппозициясынын айрым өкүлдөрү соңку күндөрү Тажикстандагы жакындарына басым күчөгөнүнө тынчсызданып жатышат. Чет өлкөдөгү тажикстандыктардын айтымында, жакындарына алар митингге чыкпашы, президентке каршы ураан чакырбашы керектиги эскертилүүдө.

Рахмондун сапарын утурлай жүргөн сурак

Муну президент Эмомали Рахмон жакында Европа мамлекеттеринин бирине иш сапар менен баргандагы коопсуздукту камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүрүп жатышат.

Расмий Дүйшөмбү президент Эмомали Рахмон жакын арада Европа биримдигинин кайсыл өлкөсүнө расмий сапары менен барарын азырынча жарыялай элек. Деги эле мындай сапар пландалганбы, качан жана кайда болору да белгисиз.

19-мартта оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсы бийлик Рахмондун сапары учурунда активисттерди эч кандай демонстрацияларга жана жыйындарга катыштырбоого мажбурлоону ата-энелеринен жана жакындарынан талап кылып жатканын билдирди.

"Кээ бир учурларда укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү оппозициячылардын жакындарынын үйлөрүнө кирип, мүлктөрүн, анын ичинен турак жайларын, автоунааларын каттоого алууда. Эгерде алардын жакындары Рахмонго каршы жыйындарга жана нааразылык акцияларына чыгышса, бул мүлктүн баары конфискацияланат деп эскертилгенин айтып, кол коюуга мажбурлашууда. Бул үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө электр жарыгын өчүрөбүз деген коркутуулар да болгон", - деп айтылат билдирүүдө.


Тажик бийлиги азырынча бул билдирүүгө комментарий бере элек.

"Уулуңа айт, президентке каршы чыкпасын!"

Тажикстандын Улуттук альянсынын маалыматына караганда, Шарофиддин Гадоев, Салим Султонзода, Шохражаб Шохимин, Абдушүкүр Манноновдун жана башка активисттердин жакындарына да ушундай мүнөздөгү коркутуулар түшкөн.

Шарофиддин Гадоев.
Шарофиддин Гадоев.

Шарофиддин Гадоев 19-мартта "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосуна берген маегинде чындап эле эки күн мурун анын апасын Фархор милиция бөлүмүнө чакырышып, "уулуңа айт, президентке каршы чыкпасын" деп эскертүү беришкенин айтты.

18-мартта Тажикстандын Пенжикент шаарында Шохражаб Шохиминин апасы да ушундай жагдайга туш болгон.

"Алар ал тургай апамдын үнүн жаздырып, мага жиберишти. Ал мени урушуп, ар кандай топтордон алыс болушумду жана каршылык көрсөтпөөнү суранды", - дейт чет өлкөдө жашаган активист.

"Озоди" радиосу айрым оппозиционерлердин Тажикстандагы жакындары менен жашыруун маектешкенде, алар аты-жөнүн айтпай, соңку күндөрү кысым күчөгөнүн ырасташкан.

Жакындарынын өтүнүчүнө кайыл болгондор

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Махмадзариф Саидовдун айтымында, 19-мартта бийлик анын уулуна үйдүн документтерин Дүйшөмбү шаарынын коопсуздук кызматына алып баруусун талап кылган.

"Анын алдында бийликтегилер ата-энемди, бир тууган инимди жана он сегиз жаштагы уулумду Рудаки районунун коопсуздук кызматына алып барып, тил кат жаздырып алышкан. Уулум митингге катышпай турганымды видеого тартып, убада беришимди суранган. Президенттин сапары учурунда мен муну ата-энеме кысым көрсөтпөө үчүн жасадым", - деп кошумчалады Саидов.

Ислам кайра жаралуу партиясы Тажикстанда террористтик уюмдардын катарына 2015-жылы кошулуп, ишмердигине тыюу салынган. Ошондон бери бир катар лидерлери, мүчөлөрү кармалып соттолгон. Эл аралык укук коргоо уюмдары Дүйшөмбүнүн бул аракеттерин айыптап келет.

Президент Рахмонду Гитлерге салыштырган сүрөттү көтөрүп чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл
Президент Рахмонду Гитлерге салыштырган сүрөттү көтөрүп чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл

Ал эми Улуттук альянс 19-марттагы билдирүүсүндө тажик бийлигинин мындай кадамын "адамзатка каршы кылмыш" деп сыпаттап, өкмөттөн "саясий оппоненттердин жакындарын жана туугандарын барымтага алууну токтотууну" суранган.

Былтыр 29-сентябрда Рахмон Берлинге "Германия+Борбор Азия" саммитине катышуу үчүн барганда, тажик оппозициясынын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, анын режимине каршы экенин билдиришкен. Президент бараткан автоунаага жумуртка ыргытып, ал канцлердин кеңсесине саммитке келген маалда сыртта плакат көтөрүп турушкан.

"Азаттыктын" тажик кызматы жазгандай, Берлиндеги саммиттин эртеси эле Тажикстанда активисттердин туугандарын кармоо башталган. Хатлон облусунда активист Шарофидин Гадоевдин улгайган апасы, Гиссар шаарында оппозициянын мүчөсү Фарход Одинаевдин жээни, Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын кеминде беш мүчөсүнүн туугандары кармалган.

Бийлик демейде мындай маалыматтарга комментарий бербейт. Октябрдын башында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлиндеги каршылык акциясынан кийин Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн элүүдөй тууган-туушканы кармалып, суракка алынганын билдирген.

Соңку жылдары Европада жашаган оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн Тажикстандагы туугандары басымга кабылганын утур-утур айтып келет. Эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Дүйшөмбүнү оппозициячыл активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүн "башкача ой жүгүрткөндөрдүн оозун жаап, коркутуп-үркүтүү" үчүн "туткун катары колдонууну" токтотууга бир нече ирет чакырган.

71 жаштагы Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарып жатканына 30 жылдан ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG