Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Оштун “Достук” командасы менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңди. 21-марттагы оюндар жамгырлуу аба ырайына туш келди жана тынч өттү. Ушуну менен Таластан чыккан команда тогузунчу жолу (2007-жыл, 2014-жыл, 2017-жыл, 2018-жыл, 2019-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл, 2023-жыл) аталган мелдеште утту. Бул лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.
Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши, жаанга карабай оюнду сүрөгөн күйөрмандар
![Таластын "Ынтымак" командасы (көгүш формада) алты жолу катары менен Ноорузга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына чыкты. Аталган мелдешти "Ынтымак" тогузунчу жолу утуп жатат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3a97-08dc498f6d4a_w1024_q10_s.jpg)
1
Таластын "Ынтымак" командасы (көгүш формада) алты жолу катары менен Ноорузга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына чыкты. Аталган мелдешти "Ынтымак" тогузунчу жолу утуп жатат.
![Нооруз-2024 республикалык мелдешинин тайпалык жана жарым финалдык оюндары "Ак кула" ат майданында, финалык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда өттү.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-acdb-08dc498f7371_w1024_q10_s.jpg)
2
Нооруз-2024 республикалык мелдешинин тайпалык жана жарым финалдык оюндары "Ак кула" ат майданында, финалык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда өттү.
![Жаанга жана ылайга карабай көк бөрүнү сүрөгөн күйөрмандар. .](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6f54-08dc498efe4d_w1024_q10_s.jpg)
3
Жаанга жана ылайга карабай көк бөрүнү сүрөгөн күйөрмандар. .
!["Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулунун оюн учурунда аттан кулап түшүп, кайра туруп оюнду улантты. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6a16-08dc498ef0da_w1024_q10_s.jpg)
4
"Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулунун оюн учурунда аттан кулап түшүп, кайра туруп оюнду улантты.
![Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0df9-08dc498f6b26_w1024_q10_s.jpg)
5
Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.
![Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-2d0c-08dc498ec7b0_w1024_q10_s.jpg)
6
Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-7cd8-08dc498f606c_w1024_q10_s.jpg)
7
!["Оюн аябай оор болду. Өткөндө тайпалык оюнда утулган элек. Бүгүн утуп алдык. Эң башкысы финалдык беттеште эч ким жараат албады. Балдар аман, аттарыбыз аман", - деди "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0ac1-08dc498ef0d1_w1024_q10_s.jpg)
8
"Оюн аябай оор болду. Өткөндө тайпалык оюнда утулган элек. Бүгүн утуп алдык. Эң башкысы финалдык беттеште эч ким жараат албады. Балдар аман, аттарыбыз аман", - деди "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу.
!["Ынтымак" командасынын оюнчусу жеңишине сүйүнүп жатат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e3d9-08dc498fb3eb_w1024_q10_s.jpg)
9
"Ынтымак" командасынын оюнчусу жеңишине сүйүнүп жатат.
![13-мартта башталган көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышты. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-97d8-08dc498ec7b3_w1024_q10_s.jpg)
10
13-мартта башталган көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышты. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда.
![Жогорку лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a332-08dc498f5df5_w1024_q10_s.jpg)
11
Жогорку лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.
![Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болсо, Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңүүчү болду. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a1c5-08dc498f09f7_w1024_q10_s.jpg)
12
Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болсо, Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңүүчү болду. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6d49-08dc498ef0fc_w1024_q10_s.jpg)
13
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f600-08dc498fa9e0_w1024_q10_s.jpg)
14
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4866-08dc4992f2c0_w1024_q10_s.jpg)
15
!["Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов финалдык беттештен кийин. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0896-08dc498fb40d_w1024_q10_s.jpg)
16
"Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов финалдык беттештен кийин.
Facebook шеринеси