Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Украина "Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди


Михаил Подоляк.
Михаил Подоляк.

Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

"Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси жок. Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт”, - деди Подоляк.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда кеминде 60 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.

"Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму "Крокус Сити Холлго" кол салууну өз мойнуна аларын жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай электигин эскертебиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG