Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстан Москвадагы кандуу кол салууну айыптаган билдирүү таратты


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл

22-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кол салууну айыптады.

Министрлик Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

"Терроризм жана анын бардык көрүнүштөрү эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана ыйык Орозо айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Москвадагы элчилик тараткан маалыматка ылайык, учурда кандуу окуя болгон жерде өрт өчүрүү, адамдарды куткаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу жабыр тарткандардын жана каза болгондордун тегин тактоо, жарандыгын аныктоо иштери жүргүзүлө электиги жана бул окуя элчиликтин тыкыр көзөмөлүндө турганы жазылган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Красногорскиде 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин жазды. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалымдалды. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG