Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Орусиядагы окуяга байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Терроризмге каршы кеңешме. 23-март, 2024-жыл.
Терроризмге каршы кеңешме. 23-март, 2024-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев өлкөдөгү тийиштүү күч түзүмдөрү менен биргеликте терроризмге каршы кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешмеде терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн экстремисттик, террористтик ишмердүүлүккө каршы иши жана коопсуздук чараларын күчөтүү талкууланды.

“Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан чоң соода борборлордун, базарлардын, театрлардын жетекчилиги жана башка эл көп чогулган жайларда, элдин коопсуздугун камсыздоо максатында, биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү боюнча жана Бишкек шаарынын аймагында эл аралык чагымчыл террористтик уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу, коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар биргелешкен тапшырмалар коюлду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция терроризмге байланыштуу шектүү жагдайлар болсо 102 кызматына кабарлоого чакырды.

Орусияда куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырды. Кандуу окуядан каза болгондордун саны 90дон ашты.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазышууда.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG