Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

"Крокус Ситидеги” кандуу окуяда каза болгондор 90дон ашты


"Крокус Сити Холл" кол салуудан кийин. 23-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" кол салуудан кийин. 23-март, 2024-жыл.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазышууда.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG