"Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик тобуна жакын делген “Амак" агенттиги Орусиядагы "Крокус Сити Холлго” кол салды делген төрт кишинин сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу жихаддык топторду изилдеген аккунттар билдиргенин The Jerusalem Post баштаган бир нече медиа жазды.
The Insider кармалгандардын ичиндеги эки шектүүнүн кийиминин түсү, түзүлүшү сүрөттөгүгө дал келип жатканын белгиледи.
“Амак" агенттигинин билдирүүсүндө, "Крокус Сити Холлдогу” кол салууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик тобу өзүнө алган.
Билдирүүдө кол салган төрт киши пулемет, тапанча, бычак жана бомба менен куралданышканы айтылат. Алардын үчөө элди көздөй аткылап, бирөө бомбаны жардыруу үчүн өрт койгон.
Орусия бийлиги шектүү катары кармалган 11 кишинин төртөө кол салууну жасаганын айтууда. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги шектүүлөр арасында орус жараны жок экенин билдирди.
Орусиядагы ар кандай Телеграм-каналдар шектүүлөрдүн кармалган видеосу делген тасмаларды таратып жатат. Айрымдары шектүүлөрдүн арасында Тажикстандын жараны же тажик тектүү Орусиянын жараны болушу мүмкүн экенин кабарлашууда. Тажикстан буга чейин кандуу окуяга тажик жарандарынын катыштыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан.
Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.
"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин көп өтпөй кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты.
Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта, түштөн кийин телекайрылуу жасап, шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирген. Бирок анын чоо-жайына токтолгон эмес.
Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы орус президентинин бул сөзүн дароо четке какты. Ага чейин да Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк кандуу кол салууга Киевдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.