Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Укук коргоочу Чупик Москвада мигранттарга кысым күчөгөнүн айтты


Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы кол салуудан кийин борборазиялык мигранттарды текшерүү күчөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү мигранттардан кайрылуулар көп түшүп жатат:

"Акыркы бир жарым суткада 1018 кайрылуу келди. Анын көбүндө мигранттар текшерүүлөр, мыйзамсыз камоолорго туш болгонун айтып жатышат. Полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар, өлкөдөн чыгарылгандар да көп", - деди Чупик.

Москвада борборазиялык мигранттардын арасында дүрбөлөң күчөп, 23-марттан бери Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган мигранттарды тыкыр текшерүү күч алганын кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова да кыргыз диаспораларындагы булактарына таянып маалымдады.

24-мартта Орусиянын аба майдандарында Кыргызстандан учуп барган мигранттар эки күндөн бери кармалып турганын "Азаттыкка" билдиришкен.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

Окуяга байланыштуу Орусиянын күч түзүмдөрү өлкө аймагында коопсуздук чараларын күчөткөн. Мындан улам мигранттарды да текшерүүлөр күчөйт деген кооптонуулар айтылган. (AiA/KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG