Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Орусия Белгород облусуна ракеталык чабуул жасалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш Белгород облусу 27-мартка караган түнү да ракеталык чабуулга кабылганын билдирди.

Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 18 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, бир киши жараат алганы, 13 үй жана автомашина талкаланганы маалымдалды.

Белгороддо соңку апталардагы чабуулдардын айынан мектептерде жазгы каникул эрте башталган, жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өткөн, спорттук жана маданий иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Облустун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.

Чабуулдар үчүн орус тарап Украинаны айыптоодо. Украин бийлиги комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG