Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

Диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жыйынга чогулду


Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны. 28-март, 2024-жыл.
Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны. 28-март, 2024-жыл.

Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин сайты 28-мартта жазды.

“Эксперттик кеңештин күн тартибинде этностор аралык мамилелер жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка байланыштуу көйгөйлөр талкууланып, ушул жаатта натыйжалуу чараларды көрүү максатында сунуштамаларды иштеп чыгуу маселелери каралды”, - деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылы президентке караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлгөн. Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети - этностор жана конфессиялар аралык мамилени өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта муфтий Абдулазиз Закировду жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алган. Анда президент Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90% жакыны мусулмандар экенин белгилеп, исламдын толеранттуулукка чакырган баалуулуктарын жайылтууда муфтияттын ролу чоң экенин айткан.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Орусиядагы "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин Кыргызстанда да диний экстремизм боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүлүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG