Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

"Дөө Чыңгыздын" өлүмү: адвокат айыпталуучуларды өмүр бою кесүүнү суранды


Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.
Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жыл, 11-апрель.

Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү болду. Анда жабырлануучу тараптын адвокаты Назгүл Алымова айыпталуучуларды өмүр бою абакка кесүүнү соттон суранды. Бул тууралуу адвокат өзү "Азаттыкка" ырастады.

Жумагуловдун өлүмү боюнча 10 киши айыпталып жатат, анын төртөө абак кызматкери.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деп таанылган Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде киши колдуу болуп каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.

"Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат", - деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG