Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Казакстан өз жарандарын Харьков жана Одессадан чыгып кетүүгө чакырды


Одессага жасалган орус армиясынын аба соккусунун кесепети. 15-март, 2024-жыл.
Одессага жасалган орус армиясынын аба соккусунун кесепети. 15-март, 2024-жыл.

Казакстандын Украинадагы элчилиги өз жарандарына “чыңалуунун күчөп баратканына жана туруксуз коопсуздук кырдаалына байланыштуу” Одесса жана Харьков облустарынан чыгып кетүүгө чакырды. Тиешелүү кайрылуу дипломатиялык миссиянын сайтында жарыяланган.

Элчилик жарандарына Польша жана Молдовага жетип алып, андан ары учуп кетсе болорун эскерткен.

Андан тышкары казакстандыктарды абадан жаңырган эскертүүлөргө көңүл буруп, дароо коргонуучу жайларга жашырынууга чакырган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский жаздын соңунда Орусия өз чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн экенин билдирген. Аскердик эксперттердин пикиринде, негизги соккулар Одесса менен Харьковго багытталышы мүмкүн.

Марттын экинчи жарымында орус армиясы Украинанын аймагына баллистикалык жана кемелерге каршы ракеталар менен жапырт сокку ура баштады. Харьков облусу тынымсыз аткылоого дуушар болууда.

27-марттагы чабуулда орус армиясы Харьковго авиабомбаларды таштаганы кабарланды.

22-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго жасалган чабуулдарды Орусиянын Белгород облусунда жасалган кол салуусу үчүн “өч алуу ” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG