Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Сирияда ирандык эки генерал жок кылынганы кабарланды


Мохаммад Реза Захеди.
Мохаммад Реза Захеди.

Сириянын борбору Дамаск шаарында 1-апрелде Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын арасынан Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөнүн сириялык жана ирандык расмий адамдар, маалымат каражаттары билдирип, бул үчүн Израилди айыпташты.

Каза болгондор арасында Ирандын «ал-Кудс» атайын багыттагы бөлүгүнүн негизги командирлеринин бири Мохаммад Реза Захеди, анын орун басары Мохаммад Хади Рахими жана алардын беш кызматташы бар экенин ISNA агенттиги маалымдады. Иран аларды Сириядагы аскердик кеңешчилер деп атоодо.

Сириянын Коргоо министрлиги израилдик учактардын чабуулу Голан дөңсөөлөрүнөн жасалганын, бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, элчиликтин эки күзөтчүсү жараат алганын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян чабуулду «бардык эл аралык конвенциялардын бузулушу» деп атады. Министрликтин өкүлү Насер Канаани Тегеран жооп кайтарууга укуктуу экенин айтты. Израил эч кандай комментарий берген жок.

2020-жылы Ирактын борбору Багдадда АКШнын ракеталык чабуулунан "ал-Кудстун" башчысы Касем Сулеймани жок кылынган. Бул окуя аймакта чыңалууну жараткан. Иранды колдогон бир нече топ АКШнын аскердик базаларын бутага алып, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы эл аралык көзөмөлгө алынуучу келишимдеги чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан.

«Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» - Ирандын саясатына жана экономикасына таасир этүүчү түзүм. Формалдуу түрдө армия курамына киргени менен, анын өзүнүн аба жана деңиз аскерлери бар. Ал Ирандын ракеталык программасын көзөмөлдөйт, президентке эмес, диний лидер Али Хаменеиге баш ийет.

АКШ бул түзүмдү террордук уюм деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Мохаммад Реза Захедини Тегерандын ядролук жана ракеталык программасын иштеп чыгууга тиешеси бар деп шектелген ирандык белгилүү 15 аскердик жана саясий ишмердин "кара тизмесине" киргизген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG