Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Ооган уюгунун баш көтөрүшү: "Вилаят Хорасан" кантип таасирин күчөттү?


Качан тартылганы белгисиз бул видеодо "ИМ-К" тобунун негиздөөчү Хафиз Саид (ортодо) турганын көрүүгө болот. Ооган-пакистан чек арасы. 2015-жыл.
Качан тартылганы белгисиз бул видеодо "ИМ-К" тобунун негиздөөчү Хафиз Саид (ортодо) турганын көрүүгө болот. Ооган-пакистан чек арасы. 2015-жыл.

Он жыл мурда пайда болгон "Вилаят Хорасан" (ИМ-К) террордук аракеттерин Ооганстан менен Пакистандын аймагында жүргүзүп келген. 

Учурда "ИМдин" ооган уюгу өз чегинен тышка чыгып, Түштүк Азияда, Иранда жана Орусияда жапырт өлүмгө алып келген теракттарды жасай баштады.

Эксперттердин айтымында, 22-мартта Москвага жакын жердеги концерттик залда болгон терактка "Ислам мамлекети-К" тобу айыпталып жатканы анын дымагы жана мүмкүнчүлүгү артып, тамырлап аткан уюмдардын сап башына чыкканын көрсөтөт.

"Бул "ИМдин" эл аралык алдыңкы филиалы, орчундуу тиреги болуп калды дейт", - MilitantWire.com. сайтынын редактору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Лукас Уэббер.

Уэббердин айтымында, "ИМдин" Сириядагы жана Ирактагы башкы башкармалыгы АКШ башында турган коалиция тарабынын 2019-жылы талкаланып, дээрлик жок кылынгандан кийин "эптеп жан сактоого жана мүмкүнчүлүгү менен түйүндөрүн жандантуу үчүн уюмдашууга" аргасыз болгон.

"Талибандын" согушкерлери "ИМ" кол салган оорукананы кайтарып турушат. Анда 19 адам каза тапкан. 2021-жыл, ноябрь.
"Талибандын" согушкерлери "ИМ" кол салган оорукананы кайтарып турушат. Анда 19 адам каза тапкан. 2021-жыл, ноябрь.

Уэббер 2014-жылы Ооганстанда пайда болуп, ошол эле жылы Сирия жана Ирактын басымдуу бөлүгүн басып алып, өзүң өзү халифат жарыялаган "ИМ-К" тобун "Ислам мамлекети" террордук тобунун франшизасынын башкы уюму болуп калды" дейт.

"ИМдин" азыр Араб жарым аралында, Африкада, Түштүк-Чыгыш жана Кавказда филиалдары бар.

Тышкы операциялар

Ооганстанда жана Пакистанда теракт уюштуруу менен "ИМ-К" акыркы айларда тышкы операцияларга көңүл бургандай.

Январда дал ушул "ИМди" Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы 90дон ашуун адамдын өлүмүнө айыпташкан, бул "Ислам мамлекети" тобунун акыркы он жылдагы эң кандуу теракты болуп калды.

Керманда 2024-жылы январда жардыруунун айынан каза тапкан 90 адамдын денесин таанууда жоопкерчилик "Вилаят Хорасан" уюмуна жүктөлгөн.

Керман шаарындагы терактта өлгөндөр.
Керман шаарындагы терактта өлгөндөр.

Ушул эле жылы 22-мартта жоочулар Москвага жакын жердеги "Крокус Сити Холл" борборуна кирип барып 139дай адамдын канын төккөнү Орусиядагы акыркы жыйырма жылдагы эн кандуу террордук акт болуп калды.

Кол салууга жоопкерчиликти "ИМ" алды. Америкалык расмийлер терактты аткаруучулар катары "ИМ-Кны" айтканда, Москва ал тууралуу ооз ачпай, "ислам экстремисттерин" көрсөтүп жатты.

25-мартта "ИМ-К" Орусияда дагы "кандуу өч алуу" уюштурарын айтып коркутту. Москва "ИМдин" Сириядагы жана Африкадагы жоочуларына каршы согушуп, Ооганстандагы топтун негизги атаандашы "Талибан" менен кызматташууда.

Уэббер "ИМ-К" тобунун Батыш үчүн кооптуулугу күчөп жатканын белгилейт. "Бул жакын арада боло турган кайсы бир окуялардан кабар бериши мүмкүн" деп айтты ал.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгынын жетекчиси генерал Майкл Э. Курилла 21-мартта мыйзам чыгаруучуларга "ИМ-К" "АКШга жана чет жактардагы Батыштын кызыкчылыгына каршы алты ай ичинде эскертүүсүз чабуул жасай алат жана муну каалай берет" деди.

Акыркы жылдары Европанын укук коргоо органдары "ИМ-Кнын" бир канча кутумунун бетин ачкан.

19-мартта Германиянын полициясы "ИМ-Кнын" швед парламентине кол салууну көздөгөн эки күмөндүү тарапташын кутумга айыптап, камакка алганын билдирди.

Германиянын жана Нидерланддын полициясы июлда "ИМ-К" менен байланышы бар тогуз адамды камакка алган.

Акыркы жылдары Швецияда, Нидерландда жана Данияда Куранды өрттөө учурларынан кийин топ бул өлкөлөрдө теракт уюштурарын айтып, коркуткан.

"Уюкчалардын эркин түйүнү"

"ИМ-К" пайда болгондон кийин Ооганстандын чыгышындагы жана түндүгүндөгү анча чоң эмес аймактарды басып алып, андан ары Түшүк жана Борбордук Азияга чыгууну максат кылган.

Бирок 2019-жылы уюшкан топ өзүнүн аймагынан ооган жана эл аралык күчтөр менен кошо, талибдер тарабынан сүрүп чыгарылган. Андан бери "ИМ-К" шаарларда аскердик аракеттердин жаңы стратегиясын ишке ашыра баштады.

"Биз "Вилаят Хорасандын" жаңы деңгээлге чыкканына күбө болдук", - дейт алардын Ооганстандагы жана Пакистандагы аракеттерине байкоо салган The Khorasan Diary онлайн-платформасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Риккардо Валле.

Анын айтымында, "ИМ-К" аймактарды басып алуучу топтон "өлүм алып келген теракттарды жасоого даяр уюкчалардын эркин түйүнү" бар "салттуу армияга" айланды.

"ИМ-К" оогандык жана чет элдик жоочулардан турат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2023-жылы июнда чыккан докладында "ИМ-Кнын" Ооганстандагы жоочуларынын саны үй-бүлөсүн кошкондо "4 миңден 6 миңге чейин" жетет. Айрым эксперттердин баамында бул сан кыйла аз.

Вашингтондогу терроризм жана коргонуу саясаты боюнча эксперт Сара Хармуш айткандай, "ИМ-К" аймактык көзөмөл жүргүзүүнүн ордуна кескин чабуулдарга өтүү менен жергиликтүү шартка ыңгайлашуу жана контртерорристтик операцияларга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн алган.

"Бул ийкемдүүлүк "ИМ-Кнын" ыкчам аракеттенип, "ИМдин" түйүнүндөгү туруктуу лидер болушуна, халифат доорунан кийинки кыйынчылыктарды жеңүүгө жол ачат", - деп эсептейт ал.

Хармуш бул топтун Ооганстан жана Пакистандан тышкары чуулгандуу кол салуулары анын беделин көтөрүп, мүмкүнчүлүктөрү кеңейтип жатканын көрсөтөрүн түшүндүрдү.

"Мындай жыйынтык бул топту "ИМ" түйүнүндөгү алдыңкы фигурага айлантып, согушчан күчтөрдү жана ресурстарды тартууга жардам берет", - деп эсептейт эксперт.

Абубакир Сиддиктин макаласы кыргыз тилине которулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG