11 журналисттин жетөө абактан чыкты
Президент Садыр Жапаров Бишкекте кармалган алты киши тууралуу билдирүү жасап, аларды "шантажчы", "аферист" деп атады. “Мекенчил” партиясынын тарапташтары президенттин иш башкаруучусун айыптаган соң "бейбаштыкка" шектелип кармалган эле. Сот жапырт кармалган 11 журналисттин дагы төртөөнү үй камагына чыгарды. Мурдараак дагы үчөө бошотулган, бирок дагы төрт журналист камакта кала берүүдө. Казакстандагы суу ташкынынан Атыраудагы Күлсары шаары эң көп жапа чекти. Анда 2 жарым миңдей турак-жай суу астында калып, 30 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Чыгарылыштар
-
Июль 20, 2026Чатыр-Көл: тартылган суу, такырайган жайыт
-
Июль 17, 2026Дүйнөдөгү аптап: Нью-Йоркту ыш каптады
-
Июль 16, 2026Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы акция өттү
-
Июль 15, 2026АКШ - Иран: Иордания, Кувейттеги базаларга чабуул болду
-
Июль 14, 2026Акын Аскат Жетиген абактан кат жазды