Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Барак эксклавынын тургундары Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат


Барак эксклавы.
Барак эксклавы.

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Баракта 980 киши жашайт жана 97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп жатат.

“Кара-Суу районуна көчүрүлүп келгендерге тиешелүү камкордук көрүлүүдө. Буюрса бардык социалдык жардамдар берилет”, - деди Темирболот Абыкеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга алмашканын, кыргыз тарап Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер алганын айткан.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 27-январында Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG