Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Азия чемпионаты: кыргызстандык эки балбан финалга чыкты


 Тайырбек Жумашбек уулу. 12-апрель, 2024-жыл.
Тайырбек Жумашбек уулу. 12-апрель, 2024-жыл.

12-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Тайырбек Жумашбек уулу менен Айаал Лазарев финалга чыкты.

Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмак ченинде чейрек финалда Түндүк Кореядан келген балбан Кум Чой Рини 5:0 эсебинде утту. Жарым финалда ирандык Реза Атри менен кез келип 7:7 эсебинде утулуп жатып, акыркы беш секундага жетпеген убакытта төрт балл алып финалга чыкты. Эми алтын медал үчүн казакстандык Асылжан Айтакын менен күрөшөт.

Айаал Лазарев 125 кг салмакта чейрек финалда кытайлык балбан Бухирдун Бухирдунду 10:6 эсеби менен жеңди. Жарым финалда Монголиядан келген Одгерел Баткхишигди 10:0 менен утуп финалга чыкты. Алтын үчүн ирандык Амир Аббас Заре менен күч сынашат.

Айаал Лазарев. 12-апрель, 2024-жыл.
Айаал Лазарев. 12-апрель, 2024-жыл.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

11-апрелде кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) эркин күрөш боюнча коло медал тагынышкан.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар. (BTo/GT)

XS
SM
MD
LG