Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Федералдык иликтөө бюросу АКШдагы ыктымал теракттарга тынчсызданууда


Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэй.
Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэй.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу өлкөдө координацияланган террордук чабуулдар болушу мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Кристофер Рэй 11-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы жыйында айтты. Ал белгилегендей, өткөн айдын соңунда Москвадагы "Крокус Ситиде" болгон окуядай чабуул кайталанышы ыктымал деген кооптонуу бар.

"Америка Добушу" радиосу жазгандай, АКШ бийлигинин расмий өкүлдөрү Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосундагы чыңалуунун токтобой жатышына байланыштуу жеке же топ адамдар теракт уюштурушу мүмкүн деп кооптонуп жатканына көп болду.

"Крокус Ситидеги" кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюму өз мойнуна алган. Кремль чабуулдун артында украин бийлиги турат деп эсептейт. Расмий Киев мындай дооматтарды четке кагып келет. АКШ жана Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин мындай билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейт. Кол салууга байланыштуу ондон көп адам кармалды. Алардын баары - теги борбор азиялыктар.

Эске сала кетсек, АКШнын чалгын кызматтары "Крокус Ситиде" теракт болорун орус бийлигине 6-мартта эле эскерткенин The Washington Post басылмасы өз булактарына таянып жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG