Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду


Балбан Тайырбек Жумашбек уулу экинчи ирет Азия чемпиону болду.
Балбан Тайырбек Жумашбек уулу экинчи ирет Азия чемпиону болду.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон.

Финалдык беттешке чейин Тайырбек эки беттеш өткөрдү. Чейрек финалда ал Түндүк Кореядан келген балбан Кум Чой Рини 5:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Реза Атрини 11:7 эсебинде утуп, финалга чыккан.

24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет. 2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.

Айаал Лазерев 125 килограмм салмакта күмүш медал утту.
Айаал Лазерев 125 килограмм салмакта күмүш медал утту.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн Кыргызстандын эсебине күмүш байге алып келген Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/4 финалда кытайлык Бухирдун Бухирдунду 10:6, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсеби менен утуп финалга чыккан. Алтын байге үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси ирандык Амир Заре менен беттешип жеңилип, 2-орунду ээледи.

Айаал Лазарев 38 жашта. Ал 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Ушуну менен алтынчы жолу Азия чемпионатынын байгесине ээ болду. Буга чейин 2015-жылы Азия чемпиону аталса, 2021-жылы күмүш байгеге ээ болгон. Ошондой эле 2010-ж., 2013-ж. жана 2016-жылдары Азия чемпионатынын коло байгелерин уткан. 2023-жылы Азия оюндарында коло медал тагынган. Олимп оюндарынын эки жолку катышуучусу. 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген.

Ушуну менен Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынан Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы бир алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болду. Буга чейин 11-апрелде кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло медал тагынышкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде 16-апрелге чейин уланат. 13-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар башталат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар. Азия чемпионатынан кийин дароо Олимп оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеши башталат. (GT/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG