Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Грекияда Олимпиада оюндарынын оту жанды


Байыркы Олимпия.
Байыркы Олимпия.

Грекияда бүгүн 16-апрелде кезектеги Жайкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Салтка айлангандай эле, отту жандыруу салтанаты Олимпиада оюндарынын мекени – Байыркы Олимпиядагы Гера храмында өттү, ага Грекия президенти Катерина Сакелларопулу, Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах, Париждин мэри Анн Идальго катышты.

Олимпиада отунун эстафетасы алгач Грекиянын аймагы аркылуу өтүп, 8-майда Франциянын Марсел шаарына жеткирилет. От жалпысынан 600 кишинин колунан өтөт.

Кезектеги, 33-жайкы оюндар быйыл Парижде 26-июлдан 11-августка чейин жүрөт. Жалпысынан оюндарды көрүү үчүн Парижге миллиондогон туристтер барары кабарланууда. Буга байланыштуу Франция өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүү аракетин көрүп жатат.

Олимпиаданын ачылыш салтанаты Парижде 26-июлда болот.

Жайкы Олимпиада оюндары Францияда буга чейин 1900-жылы жана 1924-жылы да уюштурулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG