Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

ТИМ: Москвадагы Шереметьево аэропортунда кыргызстандык 20 жаран өтө албай турат


Шереметьево аэропорту. 24-март, 2024-жыл
Шереметьево аэропорту. 24-март, 2024-жыл

Тышкы иштер министрлиги ушул тапта Шереметьеводо кыргызстандык 20 жаран Москвага өтө албай турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, алар паспорттук текшерүүдөн түрдүү себептер менен өтпөй калган.

Тышкы иштер мекемеси учурда аэропорттогу кыргыз жарандардын айланасында түзүлгөн кырдаалга Орусиядагы элчилик менен чогуу көз салып турат.

Маалыматта аэропорттогу паспорттук текшерүүдөн өтпөй калган кыргызстандыктар тамак-аш менен камсыз болгону айтылат.

"Элчиликтин кызматкерлери аэропортто турган кыргызстандыктар менен байланышып турат. Учурда аларды жакынкы каттамдар менен Кыргызстанга жиберүү маселеси каралып жатат", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Буга чейин ТИМ Москванын "Крокус Сити Холл" борборунда болгон теракттан кийин сырттан келгендерге көзөмөл күч алганын билдирген. Мекеменин 1-апрелдеги маалыматына ылайык, теракттан кийин жалпы 69 кыргызстандык түрдүү себептер менен Орусияга киргизилген эмес.

27-мартта Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 жаран Кыргызстанга кайтарылган.

ТИМ антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт куралчан туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта жараат алган адамдардын саны 551ге жетти. 144 адам мерт болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикалдык тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “терактты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG