Кыргыз-казак чек арасында эки бекет кайра ачылат
Израил Тегерандын чабуулуна жооп катары Ирандын аймагына ракета менен сокку урду. Эл аралык коомчулук "Жакынкы Чыгышта чыңалуу курчуп кетиши мүмкүн" деп кооптонууда. Астанада Кыргызтандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки өткөрмө бекеттин ишин жандантууну макулдашты. Буга чейин чек арада ондогон автоунаа күндөп туруп калып жаткан. Салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалган экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошоду. Атайын кызмат экс-депутат казынага 150 млн сом төлөп бергенин билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, активист Акжолтой Тукунов кармалды.
Чыгарылыштар
-
Февраль 15, 2026Азербайжан менен Армения Орусиядан оолактап, АКШга ыктады
-
Февраль 13, 2026"75чилердин иши": сот беш саясатчыны эки айга камады
-
Февраль 13, 2026АКШ - Иран тиреши. Трамп менен Нетаньяху жолукту
-
Февраль 12, 2026"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал
-
Февраль 12, 2026Парламенттеги чукул жүрүш: Экс-спикер эмнеден жазды?