Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз күрөшүнүн доору, легендага айланган балбандар

Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болгондон кийин машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. Бишкек. 2024-жыл.
Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болгондон кийин машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. Бишкек. 2024-жыл.

Азыр кыргыз күрөшүнүн кел-кели келип, алтын доору болуп турат. Кыргызстан быйыл өтө турган Париж Олимпиадасына 9 лицензия алса, анын сегизин балбандар бөктөрдү. Кыргыз күрөшүнүн алтын доору деген сөзгө мындан башка далилдин кереги жок.

Эки жумадан бери Бишкек дүйнөлүк күрөш сүйүүчүлөрдүн, мен-мен деген мыкты балбандардын көңүл чордонунда болду. 11-16-апрель күндөрү Азия чемпионаты өтүп, бул чөлкөмдөгү мыкты балбандар Бишкекке чогулду. Андан кийин эле 19-21-апрель күндөрү Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеши өтүп, Олимп оюндарына мен барам деген спортчулар топтолду. Бул эки беделдүү мелдешти Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан экономикасы 10 эсе өйдө өлкөлөр, спортчуларга бизден да мыкты шарт түзгөн мамлекеттер, миңдеген адамдарды батырган спорттук ареналары бар шаарлар өткөрөбүз дегенде эки көзү төрт болчу.

Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү эмнеге Кыргызстанды тандап алды? Анткени дүйнөдөгү күрөш ышкыбоздору Кыргызстанга, бизден чыккан балбандарга кызыгат. Бизде күрөшкө жашы-карысы дебей жаны чыкканча күйөрмандык кылат, күрөштү кызытып жиберишет. Ошондуктан миңдеген адамдар сыя турган спорттук аренабыз жок муз аянтчасында мелдеш өткөрсөк да, Бириккен күрөш дүйнөсү үчүн Кыргызстандын баркы бийик. Эми ошол абройду ким алып келди? Легенда болгон Айсулуу, октой тез күрөшкөн Жоламан, дем-күчү башкача Акжол, спорттук мүнөзү курч Эрназарлар жыйнады.

Андан тышкары Кыргызстандын күрөш федерациясынын да салымын айтпаса болбойт. Бишкекте эки ири мелдештин өтүшүн алар башка мамлекеттерден кызыл чеке болуп талашып алса керек.

Эми балбандар тууралуу эки ооз сөз. Күрөш тууралуу кеп кылганда кантип Айсулуу Тыныбековадан баштабайсың. Турган турушу уламышта, эпосто айтылгыдай кызыбыз. Ал кыргызстандыктардын эле эмес, бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн сыймыгы. Жакында эле алтынчы жолу Азиянын чемпиону болду. Ага чейинки жолу да байсалдуу - Азия чемпионатына катышкан бир да мелдешинен медалсыз кайткан эмес. Бул чөлкөмдө кыз-эркек дебей бир да балбан Азияны алты жолу ута элек. Эми Париж Олимпиадасында ийгиликке жетет деп ишенебиз. Айсулууда баары бар. Бир гана колго ала элек мөөрөйү - Олимпиаданын медалы.

Күрөш: Айсулуу, Айпери жана Тайырбек чемпион болду

Айсулуу Тыныбекова 30 жашта. Ал 2013-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына 11 жолу катышып, баарында тең байге алган. Азия чемпионаттарынан 6 алтын, үч күмүш, эки коло байге уткан.
1/18 Айсулуу Тыныбекова 30 жашта. Ал 2013-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына 11 жолу катышып, баарында тең байге алган. Азия чемпионаттарынан 6 алтын, үч күмүш, эки коло байге уткан.
Бишкекте өткөн финалдык беттеште Тыныбекова жапониялык балбан Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9:6 эсебинде жеңди.
2/18 Бишкекте өткөн финалдык беттеште Тыныбекова жапониялык балбан Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9:6 эсебинде жеңди.
"Мен абдан кубанычтамын. Спорттук карьерамда бир да жолу Кыргызстанда күрөшкөн эмес элем. Бүгүн өз өлкөмдө алтын байге утуп, тарых жаратканыма жетине албай турам. Өткөн айда ооруп, эки жума төшөктө жатып калдым. Нурбек агай (кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу) менен сүйлөшүп, Азия чемпионатына катышпай эле койсокпу дегенбиз. Бирок мен аябай катышкым келди. Анткени азыр өз өлкөмдө мелдешке катышпасам, качан катышат элем, дагы ушундай мүмкүнчүлүк келет беле? Эч нерсеге карабай катышып, алтын утуп турам. Кыргыз эли мага дайыма дем берет. Өз мекениңде күрөшкөн өтө өзгөчө экен", - деди Айсулуу мелдештен кийин.

3/18 "Мен абдан кубанычтамын. Спорттук карьерамда бир да жолу Кыргызстанда күрөшкөн эмес элем. Бүгүн өз өлкөмдө алтын байге утуп, тарых жаратканыма жетине албай турам. Өткөн айда ооруп, эки жума төшөктө жатып калдым. Нурбек агай (кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу) менен сүйлөшүп, Азия чемпионатына катышпай эле койсокпу дегенбиз. Бирок мен аябай катышкым келди. Анткени азыр өз өлкөмдө мелдешке катышпасам, качан катышат элем, дагы ушундай мүмкүнчүлүк келет беле? Эч нерсеге карабай катышып, алтын утуп турам. Кыргыз эли мага дайыма дем берет. Өз мекениңде күрөшкөн өтө өзгөчө экен", - деди Айсулуу мелдештен кийин.

Тыныбекова Дүйнө чемпионатында үч алтын, бир коло байгеге ээ болгон. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
4/18 Тыныбекова Дүйнө чемпионатында үч алтын, бир коло байгеге ээ болгон. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
Эми Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимп оюндарына катышат.
5/18 Эми Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимп оюндарына катышат.
Ишемби күнү кечинде балбан кыз Айпери Медет кызы да Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.
6/18 Ишемби күнү кечинде балбан кыз Айпери Медет кызы да Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.
76 килограмм салмактагы финалдык беттеште Айпери Медет кызы кытайлык Юань Хуангды 10:7 эсебинде жеңди. Ал финалдык беттешке чейин эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 3:1, жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен жеңди.
7/18 76 килограмм салмактагы финалдык беттеште Айпери Медет кызы кытайлык Юань Хуангды 10:7 эсебинде жеңди. Ал финалдык беттешке чейин эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 3:1, жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен жеңди.
Айпери Медет кызы ушуну менен бешинчи жолу Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Буга чейин 2022-жылы Азия чемпионатын жеңсе, үч жолу күмүш байге алган (2020, 2021, 2023).
8/18 Айпери Медет кызы ушуну менен бешинчи жолу Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Буга чейин 2022-жылы Азия чемпионатын жеңсе, үч жолу күмүш байге алган (2020, 2021, 2023).
Айпери Медет кызы 25 жашта. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси. Дүйнө чемпионатынын коло (2021) жана күмүш байгелеринин (2023) ээси.
9/18 Айпери Медет кызы 25 жашта. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси. Дүйнө чемпионатынын коло (2021) жана күмүш байгелеринин (2023) ээси.
Айпери былтыр Дүйнө чемпионатында күмүш байге алгандан кийин Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо алган.
10/18 Айпери былтыр Дүйнө чемпионатында күмүш байге алгандан кийин Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо алган.
13-апрелде кыргызстандык балбан кыздар Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушту.

55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн таймашта казакстандык Зульфия Яхьярованы жеңди.

11/18 13-апрелде кыргызстандык балбан кыздар Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушту.

55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн таймашта казакстандык Зульфия Яхьярованы жеңди.

Гүлнура Таштанбекова 68 килограмм салмакта дагы бир казакстандык Албина Каиргелдинованын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утту. Таштанбекова 2022-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 65 килограмм салмакта Азия чемпиону болгон.
12/18 Гүлнура Таштанбекова 68 килограмм салмакта дагы бир казакстандык Албина Каиргелдинованын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утту. Таштанбекова 2022-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 65 килограмм салмакта Азия чемпиону болгон.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат. 15-апрелде грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтөт. Мында балбан Акжол Махмудов баштаган беш балбан килемге чыгат.
13/18 Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат. 15-апрелде грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтөт. Мында балбан Акжол Махмудов баштаган беш балбан килемге чыгат.
Бишкекте өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу да алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон.
14/18 Бишкекте өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу да алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон.
24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет.
15/18 24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет.
Ал 2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.
16/18 Ал 2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.
Күрөштүн ушул эле түрүнөн Кыргызстандын эсебине күмүш байге алып келген Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/4 финалда кытайлык Бухирдун Бухирдунду 10:6, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан. Алтын байге үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, ирандык Амир Заре менен беттешинде жеңилип, 2-орунду ээледи.
17/18 Күрөштүн ушул эле түрүнөн Кыргызстандын эсебине күмүш байге алып келген Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/4 финалда кытайлык Бухирдун Бухирдунду 10:6, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан. Алтын байге үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, ирандык Амир Заре менен беттешинде жеңилип, 2-орунду ээледи.
Айаал Лазарев 38 жашта. Ал 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Ушуну менен алтынчы жолу Азия чемпионатынын байгесине ээ болду. Буга чейин 2015-жылы Азия чемпиону аталса, 2021-жылы күмүш байгеге ээ болгон.

2010, 2013 жана 2016-жылдары Азия чемпионатынын коло байгелерин уткан.

2023-жылы Азия оюндарында коло медал тагынган. Олимп оюндарынын эки жолку катышуучусу. 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген.
18/18 Айаал Лазарев 38 жашта. Ал 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Ушуну менен алтынчы жолу Азия чемпионатынын байгесине ээ болду. Буга чейин 2015-жылы Азия чемпиону аталса, 2021-жылы күмүш байгеге ээ болгон.
2010, 2013 жана 2016-жылдары Азия чемпионатынын коло байгелерин уткан.

2023-жылы Азия оюндарында коло медал тагынган. Олимп оюндарынын эки жолку катышуучусу. 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген.
Артка
Алдыга

Мээрим Жуманазарова былтыр Дүйнө биринчилигинде ийнинен жаракат алгандан бери мелдештерге катышпай келди эле. Париж Олимпиадасына лицензия үчүн мелдешке сонун даярдык менен кайтып келип, жолдомо алды. Бул Мээрим үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болчу. Ошондуктан жылаңайлак күрөшсө да лицензия алышы зарыл эле. Болбосо Олимпиадага жолдомо ойнотула турган Түркиядагы акыркы турнирге 68 кг салмакта дагы бир кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева бармак. Жылдыздуу кыз эми жаракат албай, Олимпиадага демдүү барсын.

Айпери Медет кызы болсо өтө сапаттуу күрөшөт. Сапаттуу дегеним, ал дайыма түркүн ыкмаларды жасайт. Атаандашынын артына өтүп эки балл алып, килемдин сыртына түртүп чыгып бир балл иштегенге кызыкпайт. Болгону Айпериге өзүнө окшогон, дайыма чабуул коюп турган атаандаш керек.

Желек боюнча калыс пикирин айтканы үчүн президенттин “оң колу” Каныбек Туманбев “душманга” чейин теңеп жиберген Жоламан Шаршенбеков быйыл 3-жолу Азиянын чемпиону болду. Ушул тапта Азияда ага тең келе турган балбан чыга элек. Ал бул мелдеште бир да атаандашын “сезип” койгон жок. Буга бардык беттеште атаандаштарына бир балл бербей өзү 41 балл топтогону далил. Спортчулар өз пикирин айтып, коомдук турмушка аралашып турганы жакшы. Ал үчүн бийлик аларды тилдеп, душман көрбөшү керек. Анын үстүнө кыргыз балбандарынын сүйлөсө оозунда сөзү бар, интеллекти күчтүү. Жоламан - мыкты балбан эле эмес, чыныгы намыстуу, ак жүрөк адам.

Акжол Махмудов быйыл катары менен эки чоң турнирде утулду. Ойдогудай табында эмес экени көрүнүп турат. Анын ар кандай себептери болсо керек. Акжол соңку эки утулушунан жыйынтык чыгарат. Акылдуу балбан эмеспи. Машыгуусун дагы катырып, Олимпиадага физикалык жана психологиялык жактан жакшы даярданып барса, алтын алганга мүмкүнчүлүгү чоң. Акжолдон биз жаңы бийиктиктерди, жеңиштерди күтөбүз. Ал дайыма жеңип келген. Буюрса бул жолу да бизди сүйүнтөт. Токтоо, салкын кандуу күрөшөт.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев Олимпиадага экинчи жолу лицензия алды. Мен Эрназарды кичинекейинен тааныйм. Кымындай кезинде Нарын шаарына айылдан келип машыкчу. Ошондо эле утулуп жатса көз жашын көлдөтө ыйлап атып, көздөгөнүнө жетээр эле. Спортто мындай мүнөз өтө маанилүү. 65 кг салмакта Олимпиадада аябай оор болот. Бул салмакта атаандаштык күч. Бирок Эрназар да оңой эмес. Анын үстүнө азыр Эрназар жакшы эле тажрыйба топтоду.

55 кг салмактан Бекзат Алмаз уулу быйыл биринчи жолу Олимпиадага барат. Бул салмакта Кыргызстанда атаандаштык абдан жогору. Жыл сайын Кыргызстандын биринчилигинде Алмаз Сманбеков экөө кыл чайнашкан таймашка чыгат. Жыл сайын Алмаз утуп кетет. Күрөш федерациясы бул жолу Бекзатка мүмкүнчүлүк берди. Ал аны текке кетирбей, лицензия утту.

Азыркы учурга карата Олимпиадага күрөштөн соңку жолдомону 67 кг салмактан грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов алды. Бишкекте ал кооз күрөштү. Күрөш күйөрмандарынын көзүнүн кумары кангыдай күрөштү. Спортту жакшы түшүнгөн бирөөнүн “Амантур кез келген балбанды утуп салышы мүмкүн, бирок кез келген балбандан утулуп да калышы мүмкүн” деп айтканы бар. Бул Амантур кандай күчтүү балбан болсо да утуп алат, ошол эле учурда алсыз атаандашына да уттуруп коюшу мүмкүн деген сөз. Амантур Олимпиадада кез келген балбанды утсун деп тилейм.

Эми Кыргызстанда күрөштү мындан ары да өнүктүрүш үчүн эмне кылыш керек? Өлкө ичиндеги атаандаштыкты күчөтүү зарыл. Бир салмакта жок дегенде 2-3төн күчтүү балбандар болсо, балдар өсөт. Акжолдун 77 кг салмагында андан кем калышпаган дагы эки балбан чыксын, Жоламан менен теңтайлаша турган жигиттер болсун, Айсулууга атаандаш болом деген кыздар суурулуп чыксын. Атаандаштык бар жерде дайыма өрүш болот. Быйыл 65 кг салмакта эркин күрөштөн төрт күчтүү балбан биринчилик үчүн күрөшүп, укмуш сонун күрөш көрсөттү. Бардык салмактарда ушундай болсо кана!

Ошентип, Кыргызстан эгемен тарыхында Олимпиаданын алтынын алууга бир кадам жакын турат. Аны сөз жок балбандар алып келет, буюрса. Ал үчүн мамлекет аларга каражатын убагында бөлүп, камкордугун көрсөтүшү керек. Балбандар болсо баш көтөрбөй машыкса эле ийгиликке жетишет.

Ушул тапта кыргыз күрөшүнүн алтын доору болуп жатат. Мындай учур дагы болобу же жокпу, Кудай билет. Жөнөкөй жаран, күрөш сүйүүчүсү, окуучу кезде бир жылдары спорттун ушул түрү менен машыккан адам катары мен ушул учурга ыраазымын. Балбандарыбыз жаракаттан, бөөдө кырсыктан алыс болсун!

• 16x9 Image

Бакыт Төрөгелди

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG