Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

АКШга жиберүүнү убада кылып, алдамчылыкка шек саналган адам камалды


Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) шаар тургуну кайрылып, АКШга жиберүүнү убада кылып, акча алган адамга чара көрүүнү суранып арыз жазган. Ал Бишкектин Жал кичирайонунда жашаган эки адам АКШга жиберүүнү убада кылып, 28 400 долларын алып, дайынсыз болуп кетишкенин билдирген. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйындыгында 33 жаштагы Р. Д. аттуу жаран кармалган. Шектүү Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камалды. Учурда анын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу аныкталууда. Ал эми кылмышка шектүү экинчи адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Ленин райондук милициясы шектүүгө каршы 20га чукул киши кайрылганын "Азаттыкка" ырастаган.

Милиция кармаган адам тууралуу "Азаттык" буга чейин жазган. Америкага жиберем деп, адамдардан 20-30 миң доллар акча алганы айтылып жаткан Дастан Рустам уулу Түркияда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалып, Кыргызстанга депортацияланганы белгилүү болгон. Ал дароо эле "Манас" аэропортунан кармалып, Ошко жеткирилген.

Ош шаардык милициясы Дастан Рустам уулу 2018-жылдан бери Ош шаарынын эки тургунунан 4,5 млн сом алып, качып кеткени үчүн издөөдө жүргөнүн кабарлаган. 19-апрелде Ош шаардык соту жабырлануучу менен элдешип алганы үчүн анын иши өндүрүштөн кыскартылганын жүйө кылып, эркиндикке чыгарган.

ИИМдин маалыматында, быйыл үч ай ичинде Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу беренеси менен 59 факт катталган. Бул беренеге ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. (ZKo/KE)

XS
SM
MD
LG