Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

"Камалып кетемби деп корктум". Алиярбек Москвадан мекенине кайтты


Алиярбек
Алиярбек

Москвада курьер болуп иштеген Алиярбек Матраимов кардар берген баштыктын ичинен маңзатка окшогон шектүү зат табылган окуяга экинчи ирет кабылган. Мигрант жигит быйыл январда кооптуу баштыкты жолдон ыргытып жиберген. Бул жолу ал жеке коопсуздугунан чочуп, Кыргызстанга кайтып келди.

“Мына көрүп жатасыз. Бул жерде шприц бар, суюктук бар. Бул белек катары футболкага оролуп берилип жатат”, - деп Москвада “Яндекс жеткирүү” кызматында иштеген Алиярбек өзүнүн чөнтөк телефонуна тартып алган видеодо сүйлөп жатат.

Жеткирүү үчүн берилген кийимдин арасына маңзат катылган баштыкты ал дароо ыргыткан жана бул видеону кылмыштуу затка тиешеси жоктугунун далили катары сактап жүрөт. Дал ушундай эле окуяга ал былтыр ноябрда да туш болгон:

“Биринчисинде таштандыга ыргытып жибергем. Маселе жаралбасын деп... Экинчи жолкусунда да ошондой эле болду. Баштыкты кыз үйдүн ичинен эмес, сыртка чыгып бергенде эле кыймыл-аракетинен шекшигем. Машинени катуу айдап баратып МКАДдын боюна ыргытып салдым. Буюртмамды жаап, кетип калдым. Кайра-кайра чалып жатышты. Мен “сизге берип жибергенди ыргытып салдым” деп ачыгын айттым. “Чала берсеңер полицияга билдирем” дедим. Ал “жок, андай жок болчу” деп телефонду өзү өчүрүп салды. Мурун дагы чыкпады беле. Ошолор артымдан түштүбү, атайылап карматканга аракет кылып жатабы деп да ойлодум”.

Бөтөн жерде ушуну менен экинчи жолу тузакка түшүп кала жаздаганын билдирген Алиярбек мындай коркунуч ар бир эмгек мигрантын тооруп турарын айтууда.

“Москвада мындай окуя өтө көп. Меники башы эле. Көбү камалып кетти. Өзүм байкап калдым. “Жөн эле футболка, жеткирип бер” деди. Ачып карап көрсөм, ал жерде арзан, бренд деле эмес футболка экен. Ичинен маңзат чыкты”, - дейт ал.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Футболкага оролгон кооптуу товар
Футболкага оролгон кооптуу товар

Маектешибиздин айтымында, курьерлик кызмат оңой, бирок ошончолук кооптуу:

“Жеткирүү кызматы чынында оңой жумуш. Эч ким башкарбайт, каалаганда туруп, каалаган маалда иштейсиң. Ошонусуна кызыгып, көбү кирип алат. Бирок кээде, мисалы, тамак ташып жаткан болсоң, ресторан ошол адам менен сүйлөшүп, маңзат салып коюшу мүмкүн тамактын ичине. Же кайсы бир буюмду жеткирип берүүнү буюртма кылып, ичине салып коюшат, аны билбейсиң”.

Орусиянын мыйзамы боюнча маңзат менен алектенгендер 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Расмий маалыматка караганда, бул өлкөдө азыр абакта отурган миңден ашуун кыргызстандыктын көбү - “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгондор. Мигранттардын жакындары алар алданып калганын айтып келишет.

Маңзат үчүн кармалгандардын көбү, Алиярбектин пикиринде да, алданып капаска түшкөндөр, бирок билип туруп ушундай ишке баргандар да жок эмес.

"Украинага согушка бар же түрмөгө отурасың"

Кармалгандардын айрымдары полициянын колуна түшкөндөн кийин Украинадагы согушка жөнөтүлүүдө:

“Баары эле өз каалоосу менен маңзат ташыбайт. Ашып кетсе 15% “жеңил тамак, тезирээк байыйм” деп ушундай нерсеге барышы мүмкүн. Бирок калган 85% - тузакка түшүп калгандар. Маңзат ташыгандар 3-6 жылга камалат. "Камалып кеткиче согушка барса барып коёюн, эртерээк бошонуп калармын" деген максатта Украинадагы согушка кетип калгандар да көп. Аны угуп эле жүрөбүз. Канчасы өлүп кетти. Түрмөдө эле жатат деп ойлошот, бирок жөнөтүп жатышат”.

Украинага барууну Алиярбекке да сунуш кылышкан. Мигранттын жашоосу оңой эмес экенин, курьер болуп иштегенде ар кандай адамдарга жолугарын, чарчаганда кээде чырдаша кеткен учурлар да болорун айткан жигит Москвада иштеп жүргөндө бирөөлөр менен уруша кетип, полиция бөлүмүнө түшүп калган.

“Ошондо участкалык полиция кызматкери: “Сен депортация болуп же камалып чыккандан көрө Украинага бар. Канчалык эрте барсаң, акчаң ошончолук көбөйөт”, - деп өзү айткан. Мага арам акча кереги жок экенин айткам. “Ыплас акчанын кереги жок. Адам өлтүрүүнүн эмне кереги бар?”, - деп жооп бергем. Тилди, укугумду коргошту билгендиктен ал сотту утуп чыккам. Тил билбесең өтө кыйын. Адам өлтүрдү же башка деп айып илип коюшу мүмкүн”, - дейт ал.

Орусия Украинада согуш баштаганы мигранттарды ар кандай басым-кысым менен отко салууда. Аларды көчөдө, аскер комиссариатында, полиция бөлүмүндө азгырышат.

Алиярбек Москвада “Яндекс жеткирүү” кызматында иштечү
Алиярбек Москвада “Яндекс жеткирүү” кызматында иштечү

Алиярбек - Оштун кулуну. Москвага курулушта иштеп, ашпоз да болгон. Кийин курьерлик жумушка өткөн. Адегенде велосипед менен ташычу, кийин ижарага машине алган.

Экинчи жолу кооптуу абалда калган окуядан кийин миграциялык жашоонун оош-кыйышын өз башынан өткөрүп калган жигит дароо чечим кабыл алып, быйыл февралда мекенине кайтып келди.

“Ал жакта калып калайын деп ойлонгондор аз” дейт Алиярбек:

“Өзүм деле коркуп калдым. Айла жок. “Москваң ушул болсо...” деп кош айтышып, келе бердим. Кыргызстанда эле иштесем, бизнес баштасам деп үмүттөнүп, азыр Бишкектемин. Орусиянын жараны болгон күндө деле бөтөн эл, бөтөн жер. Баары бир ал жерде “черный” болуп эсептелебиз. Ал жер бизге эл-жер болуп бере албайт. 20-30 жыл жүрсөк деле келе турган жерибиз ушул Кыргызстан. Кыргызстан гана бизди коюнуна батыра алат. Мекенге кайтканда бизнес ачсам, ата-энемдин жанында кызматымды кылсам дешет”.

Кыргызстандагы кыял

Алиярбек Кыргызстанда чакан ишкердик баштасам деп азыр инвестор издеп жаткан кези. Керектүү шаймандарды таап койгон. Ал Ош, Жалал-Абад облустарында жер-жемиш кургатып, сүттү кайра иштетип, экологиялык таза азык чыгарган цех ачууну кыялданат:

“Айылдарда көп жеңелер, эжелер, апалар үйдө отуруп калышат. Ошолорго иш болуп берет эле. Ал жерде жаңгак чагылат, кара өрүк кесилип кургатылат, алма кесилип, как болуп, Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга экспортко жөнөтүлөт. Көптөгөн дыйкандар мал-жандык кармап, эжелер үйдө курут жайып, иш жүргүзүшөт. Эл өзүн-өзү багып кете алат. Президентибиз жаштарга, мигранттарга колдоо көрсөтөбүз дейт. Бирок, билбейм, оозеки түрдө ошондойбу, банктарда насыя үстөгү 35-40% болууда. Банктар ишкерлерге насыяны 5-10% менен берет, а бизге окшогон карапайым калкка 40-50% үстөгүн очойтуп кошуп коёт. Аны төлөш өтө кыйын болуп калат. 2022-жылы 1 миллион алганда үстүнө 450 миң кошуп бергенбиз”.

24 жаштагы Алиярбек - беш бир туугандын улуусу. 19 жашынан Москвада иштеп, ата-энесине үй алып берген.

Бизнес баштоого колдоо таба албаса, кайра Орусияга кетүүгө мажбур болорун айткан жигит ал аргасыздык кадамы экенин белгилөөдө.

Себеби, анын айтымында, Орусияда иштөө мигранттар үчүн жылдан-жылга кооптуу болуп баратат.

Алиярбектин мекенинде ишкерлик баштасам деген тилеги бар
Алиярбектин мекенинде ишкерлик баштасам деген тилеги бар

Орусиядагы кооптуу миграция

“Кыргызстандын жарандарына мамиле өзбекстандыктарга же тажикстандыктарга карата жасалган мамиледей болуп баратат. Мурда бир жылда бир жолу каттоодон өтүп койчубуз. Ал эми азыр 8-10 миң төлөп, адегенде үч айлык кылып беришет, кийин алты, тогуз айлык кыласың. Андан тышкары 10-15 миң рубль төлөп, “Сахарово” миграциялык борборуна барып өтүп келишибиз керек. Мурда кандайдыр бир айыппул салынганы аныкталса, ошол жакка камап коёт, жакындарың жок болсо үч ай же бир жыл жатканга даяр болуш керек. Бажы биримдигине мүчө болгондуктан депутаттар, элчилик ушул багытта иштесе... Каалаган маалда короодон кармап салып кетишет. Айла жок, 5-10 миң берип чыгасың. Документиң жок же туура эмес болуп калса, ошого жараша акча берип чыгасың”.

Мигранттар аралашкан түрдүү окуялар да, Алиярбек белгилегендей, таасирин тийгизбей койбойт, кыйынчылык жаратат:

“Кандайдыр бир окуя болсо, мисалы, мына, жакында теракт болду, дароо мигранттарды кармашат, аларга кысым башталат. Үч күндөп же бир жума жумушка чыкпай каласың. Бир жума ишке чыкпай калсаң бир айың текке кетти дегенге барабар. Себеби жол кире, тамак-аш, батирдин акчасы деген бар. Тапкан акчан ошого кетип калат, үйгө эч нерсе жөнөтө албай каласың”.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, орус абактарында 1167 кыргызстандык отурса, алардын үчтөн бир бөлүгү - маңзат менен соттолгондор. Алыстагы абактагы жакындарын Кыргызстанга которо албай жүргөн көпчүлүк ата-эне балдары курьер болуп иштеп жүрүп, “шылуундардын тузагына” илинип калганын, маңзаттан кабары жок болгонун айтышат.

Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:50 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG