Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Кемпир-Абад иши: сотту ачык өткөрүүнү талап кылгандар акцияга чыгышты


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылып, 24-апрелде акция өткөрүштү.

Ачык-айкындуулукту, камактагыларга боштондукту талап кылган жазууларды көтөрүп алган 30дан ашуун жаран Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына чогулганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди.

Бир күн мурун адвокаттар келбей калганына байланыштуу сот отуруму болбой калган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта тогуз киши тергөө абагында отурат. Алардын арасынан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров абакта психологиялык кысымга туш болуп жатканын ушул аптанын башында билдирген. Азырынча Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. (SE\KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG