Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Министрлик мүлктү легалдаштыруунун мөөнөтүн узартууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамы боюнча декларация толтуруунун мөөнөтүн 2024-жылдын аягына чейин узартуу сунушун берди. Тиешелүү токтом долбоору 29-апрелде коомдук талкууга коюлду. Мыйзам боюнча мүлктү легалдаштыруу 9-июнда аяктайт.

Апрель айынын башындагы маалыматка ылайык, 2 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөдү.

Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга жазылганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган. Жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам парламентте талаш-тартыш менен өткөн.

Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан. Мындай сындарга Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG