Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Аба ырайы: Жаан-чачын катуу жаайт


10-12-май күндөрү Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

11-12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.

10-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Тоолордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG