Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Балбан Айаал Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Айаал Лазарев.
Айаал Лазарев.

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.

Лазарев 12-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинде, 125 килограмм салмакта жарым финада венгриялык Даниел Лигетини 12:2 эсебинде жеңди.

Буга чейин ал 1/8 финалда ямайкалык Аарон Жонсонду 10:0, чейрек финалда өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 11:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 11 лицензия бар.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов Олимпиадага катышууга укук алган. (ECh)

​
XS
SM
MD
LG