Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Зурабишвили "чет элдик агент" мыйзамы Грузия мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жаратарын айтты


Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

Грузин президенти Саломе Зурабишвили парламент "чет элдик агент" мыйзамын колдогондон кийин Грузиянын мамлекет катары сакталып калышы коркунучка кептелди деп эсептейт. Бүгүн 15-майда Тбилисиде бул өлкөгө иш сапар менен барган Латвия, Литва, Эстония жана Исландиянын тышкы иштер министрлери менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып, ал аталган мыйзам долбооруна кол койбой турганын кайталап айтты.

Өкмөт элдин да, достордун да сөзүн укпай, эскертүүлөргө кулак салбай жатканын белгилеген Зурабишвили:

"Бүгүн Грузиянын сакталып калышы курч маселе болуп турат", - деди.

"Мен досторубузга келечекке карай пландарыбыз жөнүндө, өзүм бир нече аптадан бери даярдап келаткан жана элибизге расмий түрдө жарыялайын деп жаткан европалык платформа кандай болушу керектиги жөнүндө айтып бердим", - деген Зурабишвили бул платформа грузиндерди быйыл жыл соңунда өтө турган шайлоо алдында биригүүгө багытталарын кошумчалады.

“Жакынкы планыбыз – шайлоо алдындагы биригүү, мекенибизди тынчтык жана европалык нукка салуу үчүн баарыбыз сөзсүз жеңишке жетише турган тынчтык жолу”, - деди ал.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

НАТО бул мыйзамды Грузияны "европалык жана евроатлантикалык интеграциядан алыстатып жаткан", "туура эмес багытты көздөй кадам" деп атады.

Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун айтып келет. Мамлекет башчынын чечим кабыл алышына мыйзамда 10 күндүк мөөнөт каралган.

Бирок "Грузин кыялынын" жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун жеңип өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

Кечээ мыйзам парламентте 84 "макул" жана 30 "каршы" добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган, кеминде 13 киши кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG