Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Ооганстанда кайрадан сел жүрүп, 50 киши каза болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын борбордук бөлүгүндө нөшөр жаандан улам сел каптаган аймактарда дагы кеминде 50 кишинин өмүрү кыйылганын 18-майда Reuters агенттигине Гор провинциясынын башчылыгынын өкүлү Мавлави Абдул Хай Заим билдирди.

50 кишини сел агызып кеткени, дагы бир нече кишинин дайыны табылбай жатканы, кеминде 2 миңдей үй толук бойдон, 4 миңдей үй жарым-жартылай кыйраганы, жүздөгөн гектар жердеги айыл чарба өсүмдүгү жок кылынганы маалымдалды.

Өткөн аптада эле Ооганстандын Баглан провинциясында нөшөр жаандан кийинки селден кеминде 315 киши каза болгон, 1,5 миңдей киши жараат алган.

Дүйнөлүк азык-түлүк уюму аман калгандар үй-жайынан, мүлкүнөн айрылганын, аларга чукул жардам керек экенин билдирди.

2021-жылы бийлик кайрадан «Талибан» кыймылынын колуна тийген, эл аралык жардамга муктаждыгы уланып келе жаткан Ооганстан түрдүү жаратылыш кырсыгына кабылуу коркунучу жогору өлкө экени белгилүү. БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча кеңсеси (OCHA) Ооганстан климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жапа чеккен жана андай өзгөрүүлөргө даярдыгы жок өлкө экенин белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG